Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

22.08.2023 7

"Ыр кесе" Даркан - 2023

"Ыр кесе" Даркан - 2023

 Даркан айыл аймагында райондук маданият бөлүмү тарабынан уюштурулган «Ыр кесе -2023» иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарада Жети-Өгүз районуна караштуу 5 айыл өкмөт тарабынан таланттуулар кубулжута обон созуп, чимириле бийлешип, кыргыз элинин салттарын сахналаштырып көрөрмандарга тартуулашты.

     Кесипкөй эмес, эл ичинен суурулуп чыккан элеттик өнөр ээлеринин «Ыр кеседе» тартуулаган талантына жергиликтүү көрөрмандар ыраазычылык билдиришип, иш-чара жакшы маанайда жыйынтыкталды.
    Бул иш-чара “2022-2027-жылдарга Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө "Улуттук программаны аткаруу максатында “ ишке ашырылуула.
   Ыр кесенин максаты- кыргыз элинин каада-салтын жаштарга жайылтуу жана айыл аймактар арасындагы улуттар ынтымагын, маданиятын, достук мамилелерин чыңдоо менен кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүн жаштарга, кийинки муундарга жеткирүү, улуттук наркты сактоо менен эл арасынан чыккан таланттарды аныктоо болуп саналат.
«Ыр кесе» салтка ылайык Өзгөн районунун таланттарына узатылды.