Даркан айыл өкмөтнүн социалдык коргоо кызматы, аймактык аялдар кеңешинин төрайымдары жана айыл аймактардагы лидер айымдардын аракети менен 2023-жылы "Айтирек" аялдар борбору уюшулган. Борбордун негизги максаты аял затынын аярлуу катмарын коомго тартуу болуп саналат.
"Айтирек" аялдар борборунун мүчөлөрү изденүү менен ар кандай долбоорлорду тартып, иш алып барышууда. Бул ирет борбордун өкүлдөрү "I -Тирек" жалпы кызыкчылыктарды издөө эл аралык уюмуна долбоор жазып, Даркан айыл аймагынын Даркан айылына айымдар үчүн фитнес клуб ачылып, ишке берилди.
Ачылыш аземине Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Э.И.Бахавадинов катышып, алардын иши менен таанышып, элет элинин ден соолугуна кам көргөн лидер айымдарга өз ыраазычылыгын билдирип, чакан белектерин тапшырды.