Көп берилүүчү суроолор

Арызга жооп берүү үчүн канча убакыт талап кылынат?
Мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына же кызмат адамына алардын компетенциясына ылайык келип түшкөн жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу катталган күндөн тартып 14 жумушчу күндүн ичинде каралат.
Кандай учурларда жана кайсы кызматкерлер үчүн медициналык кароодон өтүү милдеттүү? Кызматкердин медициналык кароодон өтүүсүн ким төлөйт?
Милдеттүү медициналык текшерүүлөр алдын ала (жумушка орношууда), мезгилдүү (жумуш учурунда), кезексиз (медициналык себептер боюнча), туруктуу (ар бир жумушчу күн/сменада) болушу мүмкүн. Алдын ала жана мезгилдүү медициналык кароодон өтүү үчүн зарыл: - эмгек шарттары зыяндуу жана (же) кооптуу жумуштарга (анын ичинде жер астындагы жумуштарга) кирген кызматкерлерге. Зыяндуу жана (же) кооптуу өндүрүштүк факторлор жана аларды аткарууда милдеттүү түрдө алдын ала жана мезгилдүү медициналык текшерүүлөр жүргүзүлүүчү жумуштар, - - транспорттун кыймылы менен байланышкан ишке кирген кызматкерлер; - тамак-аш өнөр жайынын уюмдарынын, коомдук тамактануунун, сооданын, суу менен камсыздоо объекттеринин, медициналык уюмдардын жана балдар мекемелеринин кызматкерлери. Медициналык сунуштарга ылайык кезексиз медициналык текшерүүлөр: - эмгек шарттары зыяндуу жана (же) кооптуу жумуштарга (анын ичинде жер астындагы жумуштарга) кирген кызматкерлер; - транспорттун кыймылы менен байланышкан ишке кирген кызматкерлер; Жер астындагы жумуштарда иштеген, транспорт каражаттарын башкарган кызматкерлерди медициналык кароодон өткөрүү жумуш күнүнүн (сменанын) башында, учурунда жана (же) аягында жүргүзүлөт. Зарыл болгон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча жеке иш берүүчүлөр милдеттүү медициналык кароодон өтүүнүн кошумча шарттарын жана көрсөткүчтөрүн киргизиши мүмкүн. Бардык учурларда милдеттүү медициналык текшерүүлөр иш берүүчүнүн эсебинен жүргүзүлөт. Кызматкерлер алдын ала, мезгил-мезгили менен жана кезексиз милдеттүү медициналык кароодон өткөн мезгилге жумуштан бошотулат, аларда акыркы 12 айдагы эмгек акысына жараша эсептелген орточо эмгек акысы сакталат. Ал эми жумуш күнүнүн (сменанын) башталышында, учурунда жана аягында жүргүзүлүүчү медициналык кароодон өткөрүү убактысы жумуш убактысына кошулат, тиешелүүлүгүнө жараша текшерүү убактысы үчүн акы төлөө жумуш убактысы боюнча жүргүзүлөт. Иш берүүчү мыйзамда каралбаган учурларда медициналык кароодон өтүүнү талап кылууга, ошондой эле кызматкердин эсебинен милдеттүү медициналык кароодон өтүүнү талап кылууга укуксуз.
Туруктуу жашагандыгы, үй-бүлө курамы тууралуу маалымдама кайдан берилет?
2023-жылдын 10-январынан тарта баардык түрүнө жараша маалымдамалар Кызыл-суу айылында жайгашкан "Калкты тейлөө борборунан"
Санарип аймак тутумуна кандай катталабыз?
Үйдүн мамлекеттик актысында берилген код аркылуу электрондук базага киргизилип, үй-бүлө мүчөлөрү катталат. Үй-бүлө мүчөлөрүн каттоого алуу үчүн ар бир жарандын паспорту жана төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүгү болуусу шарт.
Соц.фонд, соц.защитага маалымдамалар кайдан берилет?
Пенсияга чыгып жаткан жарандарга маалымдама айыл өкмөттөн берилет, ал эми пособияга документ өткөрүп жаткандар сөзсүз түрдө айыл өкмөттөн "санарип аймак" тутумунан каттоону жана үй-бүлө курамын тактап алгандан соң соц.защитага барсаныздар болот.
Түндүк тиркемесин кайдан кошобуз?
Түндүк тиркемесин Кызыл-Суудагы ЦОНдон телефонунузга коштуруп ала аласыз.