Ишке ашырылуучу долбоорлордун тизмеги

08.01.2024 106

АРИС долбоору менен биргеликте Даркан айылына техникалар алынып келинди.

АРИС долбоору менен биргеликте Даркан айылына техникалар алынып келинди.

  Даркан айыл аймагынын айыл өкмөтү "АРИС" долбоору менин бирге иш алып барып аталган айыл аймакка 4 мнл. 700 миң сом бөлүнүп берилген. Бул акча каражатына "ЮТО" маркасындагы трактор айланма сокосу менен, дары чачкыч, суу топтогон бочка, электромуравей, 6 киловаттык генератор, 1 биотуалет алынып, бул техника жана каражаттар бүгүн расмий түрдө Даркан айыл өкмөтүнө өткөрүлүп берилди.

Айыл аймакка айыл чарба техникаларды алуунун бирден бир максаты аймактагы дыйкандардын карагат, малина, кулпунай өңдүү бакчаларын иштетүүгө колдонууну көздөйт.

Ийгилик алып келген иш-чарага Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Эрмек Ибрагимович Бахавадинов катышты. Район акими айыл өкмөттөрдүн инвесторлорду тартуу менен алгылыктуу иштерди алып барып жаткандыгын баса белгилеп, ийгиликтерди каалады.