Ишке ашырылуучу долбоорлордун тизмеги

09.11.2023 6

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган иш чара

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган иш чара

Тарыхый оор учурларды эске алып Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 26-октябрынын № 231 Жарлыгынын негизинде 7-8-ноябрь “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү” деп жарыяланган Бул күнү биз өлкө тарыхындагы эң маанилүү жана кайгылуу мезгилдерди эскеребиз. Анда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндөгү мааниси зор болгон үч тарыхый окуяларга басым жасалган. Бул  кундөргө 1916-жылдагы “Үркүн” окуясы, 1917-жылдагы Октябрь революциясы жана 1937-1938-жылдагы репрессияга кабылган кыргыздын чыгаан уулдары эскерилет.

Эгемендүүлүктү жана бакубат күндөрдү бизге мурастаган, ал үчүн кан-жанын аябаган ата-бабаларыбыз ар дайым эсибизде.