Жаңылыктар

18.12.2023 13

3-декабрь Майыптар күнүнө карата соц.пакеттер таратылды.

3-декабрь Майыптар күнүнө карата соц.пакеттер таратылды.

"3-декабрь-Эл аралык майыптар күнүнө" карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги №237 токтому, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2023-жылдын 27-ноябрындагы №501 тескемеси, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 01-декабрындагы №390 буйругун аткаруу максактында Даркан айыл аймагында 2023-жылдын 1-декабрынан 30-декабрына чейин "Биз биргебиз!" ураандын алкагында, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга (ДМЧАларга) кайрымдуулук жана колдоо көрсөтүү бир айлыгын өткөрүү максатында Даркан айыл өкмөтүнүн бюджетинен 58 000 сом каралып, айылдагы ден соолугунан мүмкүнкүнчүлүгү чектелген 43 адамга продукты салынган соц. пакеттер таратылды.