Жаңылыктар

12.10.2023 10

ЖАҢЫ КӨПҮРӨНҮН АЧЫЛЫШЫ

ЖАҢЫ КӨПҮРӨНҮН АЧЫЛЫШЫ

   Барскоон айыл өкмөтүндөгү Караколка айылчасы 3500 м.бийиктикте жайгашкан 35 түтүн адам жашайт. Жети-Өгүз райондук борборунан 185 км. Барскоон айылынан 150 км алыстыкта Караколка айылчасы жайгашкан. Көпүрө Караколка айылчасынын Караколка суусуна салынды .Көпүрөнүн узундугу 22 метрди түзөт.

Бул көпүрөнүн долбоору САМР Ала-Тоо коомдук фондусу жана Швецария эли тарабынан каржыланды. Башкача айтканда 653 000 сомго курулуш материалдар алынып,

120 000 сомго жеткирип берилген. Барскоон жайыт комитетинен 250 000 сом, 500 л күйүүчү май жана 300 000 сомдук көпүрөгө керектелүүчү темир жана курулуш материалдар колдонулду. Ысык-Көл өнүктүрүү фонддон 3000 литр солярка, Даркан жайыт комитети тарабынан 200 000 сом берилген.

Жети-Өгүз районундагы Иштерман ишканасы экскаватор жана хово автомашиналары менен жардамдарын беришкен. 2023- жылдын 27- сентябрында көпүрөнүн ачылышы болду . Ачылышка Жети- Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким

Э. Бахавадинов, Швейцария өкүлчүлүгүнөн жарандар, жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл өкмөттөрүнүн башчылары; Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысы А. Асанбаев, Даркан айыл өкмөтүнүн башчысы К.Аджиев , Караколка Сырт өрөөнүнүн жашоочулары катышышты.