Жаргылчак айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы менен иштөө боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар
Жаргылчак айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы менен иштөө боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (С-Б)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
• тийиштүү багыттагы жогорку билим (Эсептөө техникасы жана информатикалык технологиялар, айыл чарбасы, экономика жана башкаруу, гуманитардык)
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
• төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, Мыйзамдары билүүсү зарыл.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика жөнүндө, Мыйзамын билүүсү зарыл.
Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларынын кароо тартиби жөнүндө”,
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
• билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
• көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү
Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер тапшырылат:
Конкурстук комиссиянын төрайымынын атына жазылган арыз; резюме (эл.почтаны көрсөтүү менен);өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө),
жогорку билими тууралуу дипломдун,эмгек китепкесинин көчүрмөсү нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүшү керек, кадрлар боюнча өздүк баракча сүрөтү менен, паспорттун көчүрмөсү.
Берилген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жаранды сынакка катышууга жол берилбейт. Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди 2026-жылдын 10-февралынан баштап 19-февралына чейин 10 календарлык күн ичинде электрондук түрдө Түндүк мобилдик тиркемеси аркылуу жана төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Жети-Өгүз району, Жаргылчак айыл аймагынын Даркан айылы, К.Данияров көчөсү 43, кадрлар бөлүмү.
Жаргылчак айыл өкмөтү.