Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Э.И.Бахавадинов Даркан айылындагы бала бакчага барып, ал жердеги тарбиячылары жана келечек ээлеринин кандай шартта тарбияланып жаткандыгы тууралуу көрүп чыкты.
Учурда Даркан айылындагы Бүбүкан Алымбаева атындагы "Сезим" мектепке чейинки билим берүү уюмун Г.Туйбаева эжекебиз жетектейт, аталган бала бакчада 8 тарбиячы эмгектенет. Жалпы 130 жаш жеткинчектерге билим, тарбия берип келишет. 2021-2022-окуу жылында аталган бала бакча Ысык-Көл облустук билим берүү башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн "Мыкты санарип бала бакча", "Мыкты санарип директор", " Мыкты санарип тарбиячы" номинациялары боюнча бала бакчалар арасында уюштурулган кароо-сынакка катышып, “Мыкты бала бакчасы”, “Мыкты санарип директор”, “Мыкты санарип тарбиячы” номинацияларын жеңип алышкан.
Андан соң республикалык кароо-сынакка катышып "Мыкты тарбиячы" номинациясында байгелүү орунга ээ болушкан.
Өспүрүмдөрдү тарбиялоодо заманбап маалыматтык техникалык каражаттарды колдонуу менен бирге талапка ылайык жооп берерлик билим-тарбия берилип жаткан бала бакчанын ишине район башчысы ыраазы болуп, райондогу башка бала бакчалар да ушундай ийгиликтерди жаратуусуна үлгү болоорун баса белгиледи. Ошондой эле аталган бакчанын тарбиячылары өз тажыйырбаларын райондогу башка бала бакчаларга жайылтуу сунушун айтты.